Сиздин тилди тандоо:

KGENGRU

DentisTree клиникасында тиштерди наркоз алдында дарылоо

Седациянын артыкчылыктары:
дарылоо процессин сапаттуу өткөрүү;
стресстин жоктугу;
кардар үчүн ыңгайсыздык жаратпай, татаал дарылоону өткөрүү мүмкүнчүлүгү;

ООЗ КӨҢДӨЙҮН ТАЗАЛОО (САНАЦИЯ)

Ооз көңдөйүнүн санациясы (lat. sanatio – дарылоо, айыктыруу) – ооз көңдөйүн айыктыруу, ооз көңдөйүнүн органдарынын патологиялык өзгөрүүлөрүн жана функционалдык бузулууларын аныктоо жана жоюу, стоматологиялык оорулардын алдын алуу боюнча дарылоо-алдын алуу иш-чараларынын комплекси.
Тиштердин кариестерин жана анын оордошуулары – пульпитти жана перидонтитти дарылоону, кариес эмес тиштин ткандарынын камтиктерин пломбалоо аркылуу жоюуну, деформацияланган тиштерди жана жаакты оңдоону, протездөөнү, тиштин ташын тазалоону, инфекция жана интоксикация очокторун жоюуну, тиштерди жулууну, ортодонтикалык жана ортопедиялык дарылоону камтыйт.

СЕДАЦИЯ АЛДЫНДА ООЗ КӨҢДӨЙҮН ТАЗАЛОО АЛГОРИТМИ

Бейтапты кароо (консультация, корутунду)

Кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү



АЛЛЕРГОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

  • Убистезин форте
  • Убистезин
  • Ультракаин
  • Септанест
  • Артикаин
  • Альфакаин
  • Скандикаин
  • Мепивастезин
  • Скандипибса
  • Лидокаин 2%
  • Новокаин 2%

Консультация (дарылоо планын талкуулоо)

Келишимге кол коюу

Реаниматолог анестезиологдун кароосу (кийлигишүүгө чейин бир күн мурда). Сөзсүз корутунду жана өпкөнү рентгенологиялык изилдөө (богок безин кароо)

ТАЗАЛООНУ ӨТКӨРҮҮ

Күндүн биринчи жарымында

ГАНА АЧ КАРЫН өткөрүлөт

РЕНТГЕНОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Өпкө рентгени 7 жаштагы бейтап



Мээленген бейтап 8 жаш



ОПТГ бейтап 10 жашта


СЕДАЦИЯ АЛДЫНДА ООЗ КӨҢДӨЙҮНҮН ТАЗАЛОО АЛГОРИТМИ

Ооз көңдөйүнүн гигиенасы (фото протокол)

Коффердамдын жардамы менен изоляциялоо
Коопсуздук: коффердам системасы баланы тиштердин сыныктарын, майда куралдарды кокустан жутуп алуудан, тил менен ачуу жана кычкыл дарыларды сезүүдөн коргойт, уурттардын жана тилдин айланма куралдардан жаракат алуусун жокко чыгарат.

Жергиликтүү инфильтрациялоочу анестезия киргизилген участокто таасир берет. Бул жерде ийне сайгандан кийин бардык нерв импульстары бөгөттөлөт, бейтап стоматологиялык манипуляцияларда ооруну жана жагымсыз сезимдерди сезбейт.

Кариести дарылоо

Пульпитти дарылоо

Коронка коюу

Тишти жулуу

СЕДАЦИЯНЫН (НАРКОЗДУН) БАЛАНЫН ОРГАНИЗМИНЕ ТААСИРИ

Балдардагы седация – бул “өтө зыяндуу” дегенди көп эле угабыз. Бул көпчүлүк ата-энелердин аң-сезиминде калыптанган абстрактуу түшүнүк, алар кээде баланын көп күндүк кыйналуусуна чыдаганды туура көрүшөт же бала тиш дарыгери жөнүндө укканда эле дүрбөлөңгө түшсө, аны күч менен стоматологиялык креслого отургузушат, седациядан баш тартуу – аны колдонууга макулдук берүүдөн кыйла кооптуу, анткени андан ары бул коркууга (өтө көп учурда), кекечтикке, ал гана эмес (мындай учурлар болгон) энурезге алып келет – бул ооруларды айыктыруу тажрыйбалуу дарыгерлер үчүн дагы оңой эмес.
Мында жаш курак мааниге ээ эмес: стоматофобияга кичинекей балдар дагы, чоң эркектер дагы, аялдар дагы кабылат. Мындай бейтаптарга седацияны пайдалануу сунушталат. “Уктаган стоматология” барган сайын таанымал болуп баратат. Бирок аны баары эле биле бербейт. Кандай седативдик ыкмалар пайдаланылат, каршы көрсөтмөлөр, процедурага кантип даярдануу керек – бул суроолорго төмөндө жооп беребиз.

Седациянын артыкчылыктары:

дарылоо процессин сапаттуу өткөрүү;
стресс жок;
кардар үчүн ыңгайсыздык жаратпай, татаал дарылоону өткөрүү мүмкүнчүлүгү.

Седациянын түрлөрү:
Седациянын эки түрү бар – үстүртөн жана терең.

Үстүртөн седацияда адам дарыгер менен баарлашууга жөндөмдүү, бирок стрессти жана коркуу сезимин сезбейт.
Терең седация – бул медикаментоздук уйкуга толук чөмүлүү.

Анестезия берүүнүн үч түрү бар:

Интраназалдык
Ингаляциялык
Вена ичине

Интреназалдык седацияда баланын мурдуна тунчтандыруучу тамчылатма тамызылат. Бала тынчтанат, айланада болуп жаткандарга кайдыгер болуп калат, же үстүртөн уктап кетиши мүмкүн. Интреназалдык седация өз алдынча же седациянын башка методдору менен биргеликте пайдаланылышы мүмкүн.

Ингаляциялык седацияда баланын бетине беткап кийгизилет, ал аркылуу уктатуучу жана ооруну басуучу газ – севоран берилет. Бул оюн формасында өтөт жана баланы стоматологиялык отургучта кармап турууну жана анын сезимдерин басууну шарттайт. Бир нече дем алуудан кийин уктайт. Анестетикти берүүнү токтоткондон кийин 1-5 мүнөттөн соң ойгонот. Көбүнчө 1 жаштан 10 жашка чейинки курактагы балдарда колдонулат.

Улуу курактагы балдарга жана чоңдорго, эреже болгондой, венанын ичине седацияны өткөрүшөт. Венага ичке пластик ийне орнотулат жана ал аркылуу заманбап, максималдуу коопсуздукка жана башкаруучулукка ээ болгон жуктатуучу жана ооруну басуучу дары-дармектер киргизилет. Көбүнчө нирфол, диазепам сыяктуу дарылар колдонулат. Айрым учурларда баңги анальгетиктерин киргизүү зарылчылыгы жаралат. Бир нече секунда ичинде уктайт. Ойгонуу седациянын узактыгына жана бейтаптын өзгөчөлүктөрүнө жараша – 23 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин.

Кайсы учурда седация каршы көрсөтүлөт?

курч инфекциялык оорулар (анын ичинде КРБ);
жакындагы эмдөө (1 ай);
дене салмагынын жетишсиздиги;
жүрөктүн теңделбеген кемтиги жана баладагы жүрөк жетишсиздиги;
кош бойлуулук.
Бул каршы көрсөтмөлөрдүн баары салыштырмалуу болуп саналат. Демек, бул негизги ооруну дарылоодон кийин же белгилүү убакыт күтүүдөн кийин тиштерди наркоз алдында дарылоо керектигин түшүндүрөт. Биз кесипкөй медициналык коштоону камсыздайбыз, ал эми тандоону сиз жасайсыз!

Седацияга кантип даярдануу керек?

алдын ала анестезиологиялык тестирлөөдөн жана анестезиологдун консультациясынан өтүү;
анестезиологдун дайындоосу боюнча керектүү изилдөөлөрдү өткөрүү;
дарылоо күнү дарылоону баштаганга чейин 4 сааттан кечиктирбестен суюк тамакты, тунук суюктукту – 2 саат мурун ичүү керек;
чоңдорго – бир күн мурун алкоголь ичпеш керек.

Андан кийин эмне болот?

Седативдик дары-дармектер организмден оңой жана тез бөлүнүп чыгарылат. Бейтап, эреже болгондой, манипуляцияны аяктагандан кийин 1-5 мүнөттөн соң ойгонот жана 2-3 сааттан кийин клиникадан кетүүгө даяр болот.

СЕДАЦИЯНЫН (НАРКОЗДУН) БАЛАНЫН ОРГАНИЗМИНЕ ТААСИРИ

Седация качан керек?

бейтап дентофобия – стоматологиялык процедуралардан коркуу менен жабыркайт. Бул көрүнүш зыянсыз – дүрбөлөң, баш айлануу, чыңалуу жана титирөө дарылоо процессин татаалдаштырышы мүмкүн;
стоматологиялык процедураларда катуу ыңгайсыздык сезими бар (курчуган кусуу рефлекси, жергиликтүү анестезия жетиштүү ооруну басуучу таасир бербейт);
балдардын тишин дарылоо – жалпы наркоз алдында жасоо оңой, анткени куралдардан коркууну жаратпайт жана кичинекей бейтапты кыймылсыз абалда кармап турууну шарттайт. Кичинекей балдар седациянын таасири алдында дарыгер тиштерин “сыйкырлаганча”, тынч мультик көрө алышат;
тиштерди комплектүү дарылоону өткөрүү зарылчылыгы. Седативдик анестезия дантисттин отургучунда 8-12 саатка чейин убакыт өткөрүүнү шарттайт;
кардиологиялык патологиясы бар адамдарга стоматологиялык процедуралар – басым кескин өйдө-төмөн болуп жана жүрөк оору, эстен тануу пайда болушу мүмкүн;
ошондой эле оорутпай жана стресске туш болбой, стоматологиялык манипуляцияларды ыңгайлуу өткөрүүнү каалаган адамдар стоматологиялык манипуляцияларды өткөрүүдө седацияны пайдалана алышат. Психоэмоционалдык бузулууларда, психикалык жана неврологиялык ооруларда (эпилепсия, ДЦП, Даун синдрому жана башкалар) седация таптакыр каршы көрсөтүлөт.

    СУРООЛОР БАРБЫ?

    ӨЗ БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ КАЛТЫРЫҢЫЗ ЖАНА БИЗДИН МЕНЕДЖЕР СИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШАТ.